oioi是什么牌子
Жылуулук сыйымдуулугу — нерсенин температурасын 1 градуска (1 °С же 1 К) жогорулатууга сарпталган жылуулук саны. Эгер нерсеге dQ жылуулук саны берилгенде, температурасы dТга жогоруласа, анын жылуулук сыйымдуулугу С=dQ/dT боюнча аныкталат жана Дж/град менен ?лч?н?т. Катуу заттардын жана газдардын жылуулук сыйымдуулугу туруктуу чо?дук болбостон, температурага к?з каранды. Бирдик массадагы берилген затты бир градуска ысытуучу жылуулук саны ал заттын салыштырма жылуулук сыйымдуулугу деп аталат, бирдиги Дж/градкг. Массасы бир моль затты бир градуска ысытууга керек болгон жылуулук саны молдук жылуулук сыйымдуулугу деп аталат. Газдардын туруктуу к?л?м жана басым кезиндеги жылуулук сыйымдуулугунун чо?дугу т?рд??ч? болот. Эгер газ туруктуу к?л?мд? ысытылса, анда сыртка жумуш аткарбастан, берилген жылуулук толугу менен нерсенин ички энергиясын к?б?йт??г? жумшалат. Эгер газ туруктуу басым кезинде ысытылса, анын к?л?м? ке?ейип, берилген жылуулуктун б?л?г? сыртка жумуш аткарат. Демек, бул учурдагы жылуулук сыйымдуулугу туруктуу к?л?мд?г?г? караганда к?п. Ысытуудан катуу заттардын к?л?м? аз ?зг?рг?нд?кт?н, алардын к?л?м? жана басымы туруктуу кезиндеги жылуулук сыйымдуулугу дээрлик барабар (к. Дюлонг Пти закону). Катуу заттардын жылуулук сыйымдуулук теориясын Эйнштейн жана Дебай иштеп чыккан.
Булактар
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов ?. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 2025-08-074 -5